Кыргыз Республикасында Улуттук адабият күнү белгиленет

08.12.2018

Бишкек –Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги, USAIDдин окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча “Келгиле, окуйбуз!” долбоору, жана USDAдин “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” долбоору менен биргелешип Улуттук адабият күнүн 10-декабрда К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында белгилешет. Быйыл бул иш-чара улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айматовдун 90-жылдык мааракесине арналат.

Бул улуттук иш-чаранын максаты балдардын, алардын ата-энелеринин жана коомчулуктардын арасында китеп окуу маданиятын илгерилетүү, жана Кыргыз Республикасында улуттук адабиятты өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу болуп саналат. Иш-чаралар 6-12 декабрь күндөрү өлкөнүн бардык мектептеринде жана коомдук китепканаларында да өткөрүлөт. 10-декабрда Бишкек шаарында өткөрүлүүчү иш-чара төмөнкүлөрдү камтыйт:

10:30 – Ала-Тоо аянтындагы Чыңгыз Айтматов эстелигине гүл коюу салтанаты

11:00 –Балдар жана жаштар китепканасында Улуттук адабият күнүн ачуу салтанаты. Ачылыш салтанатынан кийин адабиятка кызыккан жаштар жана чоңдор үчүн төмөнкү билим берүү жана маданияттык иш-чаралары өткөрүлөт:

  • “Келгиле, Айтматовду окуйбуз!” мелдеши, суроо-жооп оюну, жана Айтматовдун чыгармаларына негизделген кино тасмаларын көрсөтүү;
  • Айтматовдун “Бугу эне” уламышын окуу жана сүрөт тартуу мелдеши;
  • Музыкалык жана театрдык оюндары,  анын ичинен башталгыч класстардын окуучулары жана ата-энелер үчүн USAIDдин “Келгиле, окуйбуз!” долбоору тарабынан даярдалган “Окурмандын театры” иш-чаралары
  • “Эмне үчүн Айтматовду жакшы көрөм?” жооптор дарагы, жана кыргыз жазуучуларынын чыгармалары боюнча “Кереметтер талаасы” викторинасы.

Бардык ата-энелер жана балдар, кызыккан уюмдар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Улуттук адабият күнүн кыргыз улуттук адабиятынын чыгармаларын окуу жана танышуу аркылуу белгилөө үчүн чакырылат.

Маалымат:

Улуттук адабият күнү Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2011-жылы жарыяланган жана жыл сайын 12-декабрда белгиленет. Бул күн 1928-жылы 12-декабрда туулган улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналат, жана кыргыз адабиятын сактоону, өнүктүрүүнү, жана кеңири жайылтууну көздөйт.