Кыргызстанда Илим күнү белгиленди

14.11.2018

Тынчтык жана өнүгүү үчүн Дүйнөлүк илим күнүнө арналган Кыргызстандын Илим күнү жыл сайын 10-ноябрда белгиленет.  

КР Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө жана СССР Илимдер академиясынын кыргыз филиалынын тузүлгөнүнүн 75-жылдыгына арналган салтанаттуу жыйналыш өттү.  

Иш-чарада Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров,  КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы илим департаментинин башчысы Абдиманнап Муратов, ошондой эле бир катар министрликтердин, ведомстволордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын окумуштууларын кесиптик майрамы менен Узбекистандын, Казахстандын, Кытайдын, Молдованын, Армениянын, Азербайджандын жана Монголиянын Илимдер академияларынын жетекчилери куттукташты.