КУАУда аградык илимдин жетишкендиктери тууралуу конференция болуп өттү

17.05.2017

2017-жылдын 16-майында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетте КР айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер, “Кыргызсандын агрардык элитасы” аттуу Президенттик сыйлыктын ээси, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Асанбек Ажибековдун 70 жылдык мааракесине арналган “Заманбап аградык илимдин жетишкендиктери” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга: КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Абдиманнап Муратов, КУАУнун ректору, КР УИАнын корр.-мүчөсү Рысбек Нургазиев, КУАУнун профессор-окутуучулар жамааты, студенттер катышышты.