КМКТАУда «Ачык эшиктер күнү» иш-чарасы болуп өттү

18.04.2017

Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетинде (КМКТАУ) жыл сайын салттуу өтүүчү мектеп бүтүрүүчүлөрү, алардын ата-энелери жана бардык таанышууну каалагандар үчүн «Ачык эшиктер күнү» иш-чарасы болуп өттү.

Университеттин кең залында бүтүрүүчүлөрдү тажрыйбалуу консультанттар, институттардын  (факультеттердин), чыгаруучу кафедралардын өкүлдөрү тосуп алышты. Алар коноктор үчүн экскурссия өткөрүшүп, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.  

Университет менен жалпы таанышуудан кийин  келген коноктор университеттин жетекчилиги: ректор, проректорлор, директорлор, ошондой эле кабыл алуу комиссиясынын өкүлдөрү менен түздөн-түз пикир алышышты.
Иш-чаранын соңунда Жаштар борборунун  студенттери чакан концерттик программа тартуулашты.

 

Аманбекова Айгерим, № 38 окуу-тарбия комлексинин окуучусу:

Мен биринчи жолу бул университетке келдим, мага баары жакты, өзгөчө көргөзмө залы, мен өзүм үчүн жаңы дүйнөнү ачтым, б. а. ар кандай макеттер жана долбоорлордун дүйнөсүн.  Бул жерде  бардыгы кооз экен, кызматкерлер жана окутуучулар абдан кичипейил мамиле менен бизди тосуп алышты, алар универстет тууралуу  абдан кызыктуу маалыматтарды айтып беришти. Мен жакын жерде жашайм, бирок университтин ичине бүгүн биринчи жолу кирдим. Сынактарга жакшылып даярдануум керек, ЖРТнын жыйынтыгын көрөбүз... Бардыгыңыздарга ийгилик каалайм.".

Абдужалилов Эламан, № 59  окуу-тарбия комлексинин окуучусу:

"Мен, бүгүн,  кайда тапшырууну ойлонуп, тандоо жасап жатканда – Н.Исанов ат.КМКТАУ мен үчүн тизменин биринчи катарында. Мен мындай абройлуу жана заманбап окуу жай жөнүндө көп уккам.  Менин билишимче, мен окуган мектептин көпчүлүк бүтүрүүчүлөрү да азыркы күндө бул университетте окушат. «Ачык эишктер күнү» тууралуу  укканда классташтарым менен бирге келип, өз көзүбүз менен көрүп кетүүнү чечтик. Жеке мен «Дизайн» адистиги тууралуу толугураак маалымат алууну  көздөгөм, анткени ал өтө талаптуу кесип жана менин келечегим. Балким,  мен бул университеттин студенттеринин катарына кошулармын..."