Жети-Өгүз районунда окуучулардын катышуусунда экологиялык фестиваль өткөрүлдү

25.04.2017

2017-жыл 21-апрелде Жети-Өгүз районундагы «Нур» мектепке чейинки билим берүү уюмунун жана Жапар Чабалдаев атындагы орто мектебинин  базаларында  «Ыйман, адеп жана  маданият»  жылынын алкагында  « Бар бол, Жер эне!» аттуу райондук экологиялык фестиваль  өткөрүлдү.

Фестивалга  Ысык-Көл областтык билим берүү инстиутунун директору, билим берүү уюмдарынын координатору К.С.Шарипов, Жети-Өгүз райондук  мамлекеттик  администрациясынын башчысынын орун басары  Р.У.Исакова, райондун жалпы билим берүүчү  мектептеринин  тарбия завучтары, биология, география  мугалимдери жана окуучулар катышты.

Экологиялык фестиваль «Нур» мектепке чейинки билим берүү уюмунда башталып, тарбиялануучулар Жер энени коргоого арналган сценка аткарышты. Жандуу бурч жана музей уюштурулган. 

Фестивалда экологияны коргоого, сактоого арналган плакаттар, тартылган сүрөттөр, жаратылыш материалдарынан целлофан, баклажкалардан жасалган буюмдар басымдуулук кылды. Мындан сырткары  кийизден, жүндөн, жиптен, салфетка кагаздарынан, темир банкалардан, камырдан  жасалган буюмдар  абдан таасир калтырды.

Көргөзмөдөн кийин Ж.Жунушев, Э.Кендирбаев, Ж.Чабалдаев атындагы орто мектептеринин окуучулары экологиялык сценкаларды жана бийлерди тартуулашты.

Фестивалдын аягында  тенттен, мешоктордон, салфеткадан, клёнкадан, целлофан пакеттерден , дисктерден жасалган жана тигилген кийимдердин дефилеси  өткөрүлдү.

    Экологиялык  фестивалды Жети-Өгүз райондук токой чарбасынын  директору Ж.К.Токтакунов жана Бүткүл дүйнөлүк жапайы       жаратылыш фондунун  координатору Ф.Балбаковалар каржылап, баалуу сыйлыктарды тапшырды.

    Экологиялык фестивалга катышкан райондогу ар бир мектептин окуучуларына  грамоталар, көркөм экологиялык китептер,           энциклопедиялар, карталар, футболкалар тапшырылды.