Бишкекте “Балдарды робототехникага үйрөтөбүз” аттуу семинар-практикуму өтөт

19.12.2018

Роботторду конструкциялоону кандай түшүнсө болот? Мезгилдин дагы бир модасыбы же учурдун талабыбы? Бул тууралуу дискуссия кылуу үчүн робототехника боюнча республиканын алдыӊкы адистери жана педагогдору 2018-жылдын 20-декабрында 10:00до “Алтын түйүн” академиясында чогулушат (Манаса проспекти 1/ Бөкөнбаев көчөсү).

“Балдарды робототехникага үйрөтөбүз” семинар-практикумунун уюштуруучулары катары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы, “Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы эсептелет. Аны өткөрүүнүн максаты — өлкө педагогдорунун санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, Кыргызстандын орто билим берүү мекемелерине жана кошумча билим берүү уюмдарынын билим берүү процессине робототехниканы сыйдыруу.

Семинар-практикумда кийинкидей маселелер каралат:  Кыргыз Республикасынын илимий-инженердик кадрларын даярдоонун негизи катары робототехника боюнча долбоордук изилдөөлөр жана долбоорлор; LEGO education менен таанышуу; LEGO, LEGO Wedo, LEGO EV3 платформаларын колдонуу менен робототехниканы окутуунун методикасы; сабактан тышкары иш алып баруунун алкагында инженердик изилдөөчүлүк долбоорлорду түзүү; робототехниканын каражаттары менен конструктивдүү ой-жүгүртүүнү өнүктүрүү; робототехника боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу; «РобоЛига», «РобоФест» мелдештерине даярдоонун өзгөчөлүктөрү; робототехника  мектепте информатиканын инновациялык окутуу багыты катары. Бишкек ш. №61 АФММЛ МК жана Ч.Т.Айтматов ат. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин алдыӊкы адистери өздөрүнүн робототехникалык лабораторияларынын иш тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, семинардын катышуучулары үчүн LEGO, LEGO Wedo, LEGO EV3 базасында роботторду чогултуу жана программалоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Теориялык жана практикалык бөлүктөн кийин семинардын алкагында дискуссиялык аянтча түзүлөт: «Robo-community» робототехникалык биримдик”: кандай болушу керек?».

Жакында эле роботтор тууралуу сөз кылуу менен, аны илимий фантастика же өтө эле обочодогу келечектин иши катары түшүнчүбүз. Бирок, технологиялык процесс көз-ачып жумгандай тездикте курчап турган дүйнөнү өзгөртүүдө, аны менен бирге балдардын билим берүүсүнө болгон мамилени да өзгөртүүнү талап кылууда. Алдыӊкы  эксперттер сервисти жана персоналдык робототехника жаатында 2025-жылдарда таӊ калаарлык ачылыштарды болжолдошууда, ал эми бул жаӊы маалыматтын он миӊдеген адистерин талап кылат. 2025-жылдан кийин эӊ эле керектүү адистик катары программист-робототехниктер болуп калышат, демек, жаӊы адистиктерди өздөштүрүүнү азыртан баштоо зарыл!