Кыргызстандын окуучулары Дубайда өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиаданын Супер Чемпиондору болушту

27.06.2018

Кыргызстандан барган окуучулар Дубайда өткөн Global Association of Mental Arithmetic менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиаданын Супер Чемпиондору болушуп, сыйлыктардын эң көбүн жеңип алышты. Кыргызстанды – менталдык арифметиканын борбору экенин көрсөтө алышты.

Кыргыз Республикасынын курамасын өлкөнүн бардык аймактарындагы “Академия Роста” борборунун өкүлдөрү түздү: Бишкек, Беловодское, Кочкор, Баткен, Исфана, Барскоон, Кызыл-Суу, Ош, Чолпон-Ата, Жумгал, Талас, Ак-Босого, Дархан, Нарын жана башка.

Олимпиадада жалпысынан Кыргызстандан 80ге жакын окуучу катышты, алардын арасынан эң кенжеси 5 жашта, улуусу 16 жашта.