Жалал-Абад университетинин студенттери «Жылмайюу тартуулайбыз» аттуу акцияга катышышты

24.04.2017

2017-жылдын 20-апрелинде 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана «Эл аралык толлеранттуулук үчүн» фондунун «Жылмаюу тартуула», «Тынчтыкта жашайлы, кененирээк ойлойлу» аттуу долборуна Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бардык факультет, колледждеринен 100гө жакын студент жаштар катышышты.                                     

Аталган долбоордун негизги максаты - жаш таланттарды колдоо, жаштарды биримдикке, сабырдуулукка, адептүүлүккө чакыруу жана достук алакаларды бекемдөөгө багытталды.     

Иш-чаранын жүрүшүндө интеллектуалдык суроо-жооптор, кызыктуу оюндар ойнотулуп, ЖАМУнун 10 студенти белектер менен сыйланышты. Ошондой эле иш-чарага катышкан жалпы катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен иш-чара жыйынтыкталды.