Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Академия Газпром Кыргызстан» стипендиялык программасы башталды

19.05.2017

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Газпром Кыргызстан» компаниясы 4-майда биргеликте ишке ашырып жаткан «Академия Газпром Кыргызстан» стипендиялык программасынын меморандумуна кол коюлду.

Аталган программа кыргызстандыктар үчүн Россиянын жогорку окуу жайларында билим алууга жол ачат жана ал окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө «Газпром Кыргызстан» компаниясына ишке орношууга кепилдик берет.

«Кыргыз Республикасында жогорку квалификациялуу техникалык адистерди даярдоого муктаждык өтө жогору. Аталган программа мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Россиянын ЖОЖдорунун мунайгаз тармагы боюнча профилдик билим алууга шарт түзүп берет. Бул долбоор бюджеттик жана контракттык багытты да камтыйт. Эки учурда тең биз жогорку окуу жайлардын ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүн жумушка алууга даярбыз», - деп билдирди «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары Сабырбек АКимбаев.

Программага катышуу үчүн кандидаттар компаниянын расмий сайтына www.gazprom.kg табыштама калтырып, тандап алуучу турдан өтүшү керек. Тандап алуу турунун жыйынтыгы менен кандидаттар Томск политехникалык университетине жана Тюмень индустриалдык университетине бюджеттик жана контракттык негизде окууга өтүшөт.

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин негизинде өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн бир топ иштер аткарылууда: 7 спорт комплекси курулду, Ош, Бишкек, Кант шаарларындагы административдик имараттар реконструкциядан өткөрүлдү, маданият, спорт, калкты коргоо жана билим берүү багытында демөөрчүлүк долбоорлор ишке ашырылып келет.

«Академия Газпром Кыргызстан» стипендиялык программасы Кыргызстандын энергетика, газ тармактары үчүн негизги потенциалын түзгөн жогорку квалификациялуу адистерди «өстүрүүгө» шарт түзөт.