ОшМУдан жыл сайын 30дан ашуун студент Кадис университетинде билим алууга жөнөтүлөт

03.05.2017

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков 22-28-апрель күндөрү Испаниянын Кадис университетинин чакыруусу менен иш сапарда болуп келди. Сапардын алкагында Кадис университети менен жеринде таанышып, жемиштүү жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле Кадис университетинин билим берүү системасы,  окуу программалары, базалары менен таанышып, ОшМУдан барып билим алып жаткан магистрант, студенттер менен жолугушуп, пикир алышты.

Иш сапардын алкагында Кадис университетинин  сөз өнөрү жана философия факультетинин деканы Хакинто Еспуноса Гарсия, магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн директору Розарио Фернандез Галан, академиялык  мобилдүүлүк департаментинин  директору Рафаэль Велез Нунез, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн генералдык директору  Хуан Карлос Гарсиа Галиндо жана  лингвистика факультетинин деканы Франсиско Рубио Куенка, экономика факультетинин деканы менен жолугуп, тиешелүү багыттар боюнча кызматташуу тууралуу сүйлөшүүүлөрдү жүргүзүштү.

Испаниянын Кадис университетинин ректору  Эдуардо Гонсалес Мазо менен болгон официалдуу жолугушууда Ош мамлекеттик университети тууралуу кеңири маалымат берип,  университеттин эл аралык байланыштары, билим экспорту боюнча презентация жасады. Биргелешкен кызматташууну арттыруу максатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде ОшМУ менен Кадис университетинин ортосунда Кыргыз-Европа факультетин ачуу боюнча сүйлөшүштү. Кыргыз-Европа факультетинин базасында испан тили адистигин ачуу, бакалавриат боюнча биргелешкен билим берүү программаларын түзүү, магистратура жана PhD докторантура боюнча (англис-испан) кош диплом берүү, ОшМУнун базасында испан борборун түзүү келишимдерин талкуулашты.  

Эми мындан ары эки университеттин кызматташтыктары артып,  жыл сайын бардык багыттар боюнча  30дан ашуун студент Кадис университетинен академиялык мобилдүүлүк багытында билим, тажрыйба алып келишсе, Кадис университетинен испан тили боюнча профессорлор келип окутуучулардын билимин жогорулатат, ошондой эле ОшМУнун окутуучулары Кадис университетинен  стажировкадан өтүп келишет.       

Белгилей кетсек, ОшМУ Испаниянын Кадис университети менен Erasmus+ программасы аркылуу кызматташып, ар жылы студенттер, магистранттар, окутуучулар билим, тажрыйба алып келишет. Быйылкы жылы Кадис университети кызматташтыкты кеңейтүү багытында ОшМУнун ректору Каныбек Исаковго атайын чакыруу жөнөтүшкөн.