Билим берүү жана илим министрлиги: Быйылкы жылы ЖРТдан артыкчылык сертификаттарды алгандардын арасына Кыргызстандын бардык аймактарынын бүтүрүүчүлөрү кирди

04.07.2018

Билим берүү жана илим министрлигинде белгилегендей, быйылкы жылдын жалпы республикалык тестирлөөсү билим берүү системасына мамлекет тарабынан чоң маани берилүүсүнүн көрсөткүчү болуп калды. Алыскы аймактардагы мектептер Интернет менен камсыздандырылышты, билим берүү мекемелери курулууда, жаңы окуу стандарттар жана окуу материалдар иштелип чыкты, билим берүүнүн сапатына баа берүү системасы ишке киргизилди, мугалимдердин квалификацияын жогорулатуу жигердүү жүрүп жатат.

2018 жылы 26180 бүтүрүүчү (жалпы санынан 57%) тестирлөөдөн өтүп, жогорку окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүк алышты. Үч жыл мурун, 2015 жылы босого балдан окуучулардын 47% гана өтүшкөн.