Билим берүү жана илим министрлиги кесиптик окуу жайларынын камкордук кеңештерин түзүү үчүн комиссиянын мүчөлөрүн тандоо боюнча сынактын мөөнөтүн узартат

05.03.2018

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тиешелүү мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жана орто кесиптик окуу жайларынын камкордук кеңештерин түзүү үчүн  комиссиянын мүчөлөрүн тандоо боюнча сынак жарыялоонун мөөнөтүн  узартат.

Сынак Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жылдын 13-декабрындагы №1541/1 буйругу тарабынан бекитилген, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелери үчүн камкордук кеӊештерин түзүүгө тандоо боюнча комиссия тууралуу Жобонун негизинде жүргүзүлөт.

Комиссиянын курамына төмөнкү жарандар кире алышат:

- билим берүү мекемелеринде же коомдук ишмердүүлүктө иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын ишке жарамдуу жарандары;

- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, ишкер чөйрөсүнүн, илимий жана билим мекемелеринин, маданият жана искусство мекемелеринин өкүлдөрү, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын, коммерциялык жана коммерциялык эмес мекемелердин, студенттик жана ата-энелер бирикмелеринин өкүлдөрү.

Катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. Жетекчинин наамына жазылган арыз.
  2. Таржымал (резюме).
  3. Өмүр баян (автобиография).
  4. Паспорттун көчүрмөсү.
  5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү.

Арыздарды кабыл алуу 2018-жылдын 16-мартына  чейин төмөнкү дарек боюнча жүзөгө ашырылат: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257 (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 3-кабат, 311-бөлмө, байланыш телефону 620487) же электрондук дарек: tilegenova82@mail.ru (документтердин сканерленген варианты).