Билим берүү жана илим министрлиги: Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү Индияда өткөн жогорку билим берүү боюнча саммитинде катышышты

03.11.2018

Нью-Дели шаарында 30-октябрдан 1-ноябрга чейин 14 жогорку билим берүү боюнча  FICCI-2018 “Келечектин университеттери” аттуу саммити өттү, ага дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөлөрүнөн келген, анын ичинде Кыргызстандан дагы, жогорку окуу жайлардын, академиялардын, институттардын, технология өнүмдөрүн жана жогорку билим берүү секторун кызматтар менен камсыз кылган IT-компаниялардын, эл аралык уюмдардын, ЖОЖдордун бирикмелеринин жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жогорку билим берүү боюнча глобалдык конференциясында Сингапур, Израил, Германия, Канада, Англия, Египет жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын, колледждеринин жетекчилери докладдары менен чыгышты. Ошондой эле саммиттин алкагында Индиянын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы билим берүү боюнча көргөзмөнүн 60га жакын катышуучулары менен жолугушууларды өткөрүштү, мыкты жогорку окуу жайлардын программалары менен таанышышты, медициналык, IT багыттары боюнча кызматташуу маселелерин, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн талкуулашты.