Кыргызстандын жана Орусиянын билим берүү министрлери эки өлкөнүн ректорлорунун Биринчи форумун даярдоо жана өткөрүүнү талкуулашты

01.02.2019

КР ББжИМ маалыматы боюнча , КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен РФ Жогорку билим берүү жана илим минстри Михаил Котюковдордун Москвадагы жолугушуусунда, быйылкы жылы март айында Бишкекте өтүүчү, ректорлордун Биринчи форумунун күн тартибин талкуулашты.

Гульмира Кудайбердиеванын сөзүнө караганда, бул форум жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңетүүгө мүмкүндүк берет.

“Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенишүүнүн көп жылдык тарыхы бар. Билим берүүнүн бардык баскычтарында кызматташуунун кызыктуу тажрыйбасы топтолгон, түрдүү биргелешкен долбоорлор белгиленген. Жогорку билим берүү чөйрөсүндө техникалык жождордун Орус-Кыргыз консорциуму иштей баштаган. Эми биз мындай кызматташуунун тажрыйбасын гуманитардык багыттагы жождор боюнча жайылтышыбыз керек”, – деп эсептейт КР ББжИМ башчысы.

Жогорку билим берүү жана илим министри Михаил Котюков өз кезегинде, форумга эки өлкөнүн ректорлорун гана эмес, ошондой эле илимий коомчулуктун өкүлдөрүн да чакырууну сунуштады.

“Эки өлкөнүн окумуштууларынын катышуусу, форум аянтчасында талкуулого мүмкүн болуучу маселелердин тизмесин байкаларлык кеңейтет деп ойлойм”, - деди ал.

Кыргызстандын жана Оруссиянын ректорлорунун Биринчи форуму 2019-жылдын март айынын аягында  Бишкекте өтмөкчү. Анын алкагында Кыргызстан жождорунун Ассоциациясы менен Россиянын ректорлор союзунун кызматташуусу жөнүндө Макулдашууга кол коюу пландалууда.

КР Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева бүгүн өзүнүн Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында, РФнын Агартуу министри Ольга Васильева менен окуу китептерин көнүктүрүү, мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу ж.б. маселелер боюнча жолугушат.