КРдин Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева жана РФнын Илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков эки тараптуу кызматташуунун багыттарын талкуулашты

27.03.2019

Тараптар илим жана жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуунун перспективасын талкуулашты.

Тармактык университеттерге, биргелешкен ЖОЖдордун санын көбөйтүүгө, евразия мейкиндигинде билим берүү жана илимий технологиялык кызматташуу маселелерине көңүл бурулду.

КР Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева Кыргызстандын квалификациялоо деңгээли менен Орусиянын жана КМШ менен ЕАЭШтин башка өлкөлөрүнүн Улуттук квалификациялоосунун алкагында макулдашуунун маанилүүлүгүн белгиледи, бул бирдиктүү мейкиндик алкагында жумуш берүүчүгө, ЕАЭШтин ар кандай өлкөсүнүн жарандарын жумушка тартууга, тигил же бул адистин кандай маанилүүлүгүн баалоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле министрлер Кыргыз-Орус Славян университетинин жаңыланган Уставына кол коюшту.