КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мектеп тамак-ашы боюнча Глобалдык форумда сөз сүйлөдү

23.10.2018

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Тунисте өтүп жаткан “Азык-түлүк коопсуздугу жана коомдук жардам үчүн мектеп тамак-ашы боюнча улуттук программалар” аттуу балдардын тамактануусу боюнча Глобалдык форумда Кыргызстандын мектептерин ысык тамак менен камсыз кылуу программасы менен тааныштырды.

Балдардын тамактануусу боюнча Глобалдык форум – мектеп тамак-ашы боюнча дүйнөнүн ири жыл сайын өтүүчү конференциясы, быйылкы жылы 59 өлкөдөн келген 350дөн ашык катышуучуларды чогултту. Алардын ичинде ар кайсы өлкөлөрдүн 20 билим берүү министрлери, бизнес-сектордун, БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү жана окумуштуулар.

БУУ ДАТПнын аткаруучу директору Дэвид Бисли ачкан Форумда, катышуучулар мектеп тамак-ашын уюштуруу тажрыйбалары, мектептеги тамак-аш программасын жакшыртуу боюнча инновациялар менен бөлүшүштү.

Гүлмира Кудайбердиева Форумдун уюштуруучуларынын чакыруусу менен Кыргызстанда мектеп тамак-ашын оптимизациялоо программасынын жыйынтыгы менен тааныштырды.

Жыйналышты алып барган БУУ ДАТПнын аймактык директорунун орун басары мектеп тамак-ашын уюштуруу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы башка катышуучу өлкөлөр үчүн  мектеп тамак-ашынынын узак мөөнөттүү жана натыйжалуу системасынын максаттарына жетүүдө үлгү болууга тийиш экендигин белгиледи.