КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева “Просвещение” басмаканасынын башкы директору Дмитрий Климшин менен жолукту

20.03.2019

КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Россиянын «Просвещение» басмаканасынын башкы директору Дмитрий Климшин менен жолугуп, орусиялык китептерди адаптациялоо маселелерин талкуулады.

Жолугушууда М.И.Моронун авторлугундагы баштапкы класстар үчүн математика китебин адаптациялоо, ошондой эле жогорку класстардын окуучулары үчүн табигый илимий билим берүү тармагы боюнча окуу китептерин адаптациялоо каралды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын мектептерин жабдуулар менен камсыз кылуу жана Кыргызстандын баштапкы класстардын математика мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча семинарларды уюштуруу маселелери талкууланды. 

Азыркы учурда КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана «Просвещение» басмаканасынын кызматташуусу тууралуу Меморандум даярдалууда.