Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева билим берүү чөйрөсүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын багыттарын белгиледи

27.03.2019

КРдин Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын ректорлорунун “Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү – келечекке инвестиция” Форумунда сүйлөп, жогорку билим берүү жаатында өз-ара кызматташуунун артыкчылыктарын белгилегендигин, ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

“Мен өз-ара кызматташуу бир нече багыттар боюнча өнүгүүгө тийиш деп ойлойм. Бул санарип форматындагы билим берүү жана изилдөөнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, даражаларды таанууну, академиялык жана эмгек мобилдүүлүгүн камсыздоочу Улуттук квалификациялоо системаларын айкалыштыруу, ошондой эле жогорку кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо процедураларын жана сапатты камсыздоо системинин түзүлүшүндө иш-аракеттерди бириктирүү; рейтинг тутумун иштеп чыгуу”, - деп билдирди министр

Ошондой эле Гульмира Кудайбердиева академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, тармактык долбоорлорду кеңейтүү, жаштар арасында илимди популяризациялоого көп көңүл бөлүүнү, ар кандай маалымат базаларын жана ар түрдүү типтердеги биргелешкен изилдөө борборлорун түзүүнү сунуштады