Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева: Кыргызстан Москванын “Университеттин үч миссиясы” эл аралык рейтингине катышууга кызыкдар

27.03.2019

Ведомствонун башчысынын айтымында, Кыргызстанда өткөн жылы ЖОЖдордун рейтингинин пайда болушу КРдеги ар бир ЖОЖдун абалын республика ичинде, ошондой эле дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде – глобалдык рейтингдерде тереңирээк жана калыс баалоого мүмкүндүк берет.   

"Бул жагынан алганда, биздин ЖОЖдорду баалоону жана иштелмелерди түзүүгө улуттук рейтингдер алкагында, анын ичинде КМШ жана ЕАЭШ мейкиндигинде жана Москванын “Университеттин үч миссиясы” эл аралык рейтинги сыяктуу эл аралык рейтингдерде катышууга биз кызыкдарбыз”, - деди Гүлмира Кудайбердиева.

Министр ошондой эле, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун КМШ тармактык университеттеринин, ШКУ тармактык университеттеринин жана Евразия университеттер ассоциациясынын алкагында өз ара жигердүү кызматташуусун белгиледи.

“Балким, Евразиялык тармактык университетти бир нече жылдардан кийин деле талап кылынуучу адистиктерге жана көндүмдөргө ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү биргеликте даярдоого гана багыттап түзүү зарыл.  Бул университет үчүн изилдөөчү программаларды да иштеп чыгуу керектиги талашсыз”, -  деп эсептейт КРдин ББжИМ башчысы.