КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Россиянын Агартуу министри менен билим берүү тармагында кызматташуу маселелерин талкуулады

04.02.2019

КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын иш сапарынын алкагында Москвада өткөн министрлердин жолугушуусунда билим берүү тармагында кызматташуунун ар кайсы багыттары талкууланды, анын ичинде мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана окуу китептерин адаптациялоо маселелери.

“Кыргызстан Оруссияны ар дайым стратегиялык өнөктөшү катары кабыл алган жана билим берүү тармагында активдүү кызматташканга даяр. Биздин өлкө үчүн өзгөчө кызыгууну  математика жана табигый илим багытындагы  окуу китептерин адаптациялоо жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу  маселелери жаратат”, - деп белгиледи Гүлмира Кудайбердиева.

Россиянын Агартуу  министри Ольга Васильева акыркы жылдары Кыргызстанда  орус тилине кызыгуунун өсүп жатканын билдирди.

Ал Россиянын билим берүү порталындагы  материалдарын 37 миңден ашык киши колдонуп жатканын, жана акыркы 2 жылы орус тилинен олимпиадаларга сыртынан  катышкан Кыргызстандык окуучулардын санынын үч эсе көбөйгөнүн (70 миңден 200 кишиге чейин) белгиледи.

Ошондой эле, жолугушуунун катышуучулары мигранттардын балдары үчүн окутуу аянтчаларын түзүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча бирге активдүү иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.