Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы менен мындан аркы кызматташууну талкуулады

23.11.2018

КР Билим берүү жана илим министрлигинде 23-ноябрда Министр Гүлмира Кудайбердиеванын Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Эдуард Ауэрди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ЕБдин министрлик менен кызматташуусунун жогорку деңгээлин белгиледи.

“Билим берүү Борбор Азия менен кызматташуу боюнча Европа Биримдиигинин Стратегиясынын үч артыкчылыктуу багытынын бири болгону биз үчүн абдан маанилүү. Учурда Кыргызстандын жалпы бюджетине жана атап айтканда, билим берүү секторунун бюджетине колдоо көрсөтүлүп жатат, ошону менен билим берүү секторунда бир катар реформалар ишке ашырылып жатат”, - деди Гүлмира Кудайбердиева.

Билим берүү жана илим министрлиги азыркы учурда 2020-жылга чейинки билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн үчүнчү иш-чаралардын планына ылайык иштеп жатат. Бул документте билим берүү секторунун өнүгүүсүнүн негизги маселелери баскычтар боюнча аныкталган – мектепке чейинкиден бойго жеткендерге билим берүүгө чейин, ошондой эле башка багыттардын алкагында: туруктуу өнүгүү, инклюзивдик билим берүү, көп тилдүү билим берүү, электрондук окутуу жана билим берүү менен эмгек рыногунун байланышы.

“Бюджетти колдоо долбоорунун алкагында, ошондой эле, долбоордук жардамдын алкагында дагы Европа Биримдигинин колдоосунун уланышы биз үчүн абдан маанилүү”, - деп белгиледи Министр.

“Билим берүү секторундагы реформаларды жүргүзүүнүн мындан ары да  улантылышы зарыл, ал 2020-жылга чейинки билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында чагылдырылышы керек. Европа Биримдиги зарыл иш-чараларды колдоого даяр”, - деп Элчи Ауэр баса белгиледи.

Билим берүү тармагы – Европа Биримдигинин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири. ЕБдин Кыргызстандын бюджетин колдоосу  2020-жылга чейинки билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууда кызматташтык программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Бюджетти колдоо компоненти саясий диалогду, каржылык которууларды, натыйжалуулукка баа берүүнү, потенциалды жогорулатууну камтыйт жана өнөктөштүк менен кызматташтыкта негизделген.