КР Билим берүү жана илим министрлиги: «Мерсико» уюму 5 жыл ичинде башталгыч класстардын окуучулары үчүн 55 млн. ашык ысык тамак берди

12.01.2019

Ведомствонун маалыматы боюнча, Мерсико (MercyCorps) эл аралык коммерциялык эмес уюму 2012-2017-жылдар аралыгында 154 мектепти жана 481 балдар бакчасын колдоп:

  • 2000 тоннадан ашык азык-түлүк (байытылган ун, күрүч, буурчак жана ѳсүмдүк майы);
  • башталгыч класстардын 32 000ден ашык окуучусуна жана балдар бакчалардын 50 000 тарбиялануучусуна 55 миллиондон ашык ысык тамак берди.

2018-жылы 2021-жылга чейин ишке ашуучу жаңы программа иштей баштады. 2018-2021-жылдар аралыгында колдоого алынган мектептердин саны 430 түзөт. Алар тоолу жана алыскы, жетүүгө кыйын болгон аймактарда жайгашкан.

Мерсико башталгыч класстардын 86 000 окуучусуна ысык тамак даярдап берүүдө колдонуу үчүн 2 290 метрикалык тонна кошумча азык-түлүк берет.

Жалпы суммасы 1 575 000 АКШ долларга тамак даярдоочу жайлар жаңыртылат жана жаңы ашкана жабдуулары сатылып алынат.

Андан сырткары, жалпы суммасы 250 000 АКШ долларды түзүүчү мектептер имаратын оңдо иштери (терезелерди, ажатканаларды алмаштыруу, жылытуу системаларын оңдоо ж.б.) жүргүзүлөт.

Грантты алууга макулдашылган мектептердин, эң аз дегенде, 30% өздүк салымы (мектеп жамаатынын, ата-энелердин ж.б. кызыкдар тараптардын колдоосу) болуш керек.