КР Билим берүү жана илим министрлиги: Өлкөнүн 27 кесиптик лицейлеринде тогуз кесип боюнча ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуу үчүн шарттар түзүлдү

10.01.2019

Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө боюнча 27 кесиптик лицейлерде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктардын инклюзивдик билим алуусу үчүн шарттар түзүлдү.

Окуу жайларда санитардык кызматтар, ашкана, жатакана, устаканалар окуучуларга жеткиликтүү болот.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн окуу программалар иштелип чыккан: сантехникалык монтаждоо жумуштарын аткара алган, 2-чи разряддагы электрширетүүчү, чачтарач, шыбакчы-маляр, тигүүчү, улуттук буюмдарды өндүрүүчү, ашпоз, жашылча өстүрүүчү.

Инклюзивдик билим берүү төмөнкү кесиптик лицейлерде уюштурулган:

Ош облусу: №12, 16, 29, 54, 58;

Жалал-Абад облусу: № 1, 53, 63, 76, 111;

Чүй облусу: № 19, 25, 28, 43, 105;

Ысык-Көл облусу: № 2, 14, 22, 81, 85;

Нарын облусу: № 26, 87;

Бишкек ш.: №15, 18, 27;

Таласс облусу: № 6;

Баткен облусу: № 8.