Билим берүү жана илим министрлиги: Венгриянын жогорку окуу жайларына окуу боюнча гранттык орундарга сынактын биринчи туру аяктады

05.03.2018

Ведомствонун маалыматы боюнча, сынак Stipendium Hungaricum программасынын алкагында 2018-2019 окуу жылына өткөрүлүүдө.

Биринчи этапта бардык каалоочулар “Темпус” коомдук фондунун Stipendium Hungaricum программасынын онлайн системасында 16 февралга чейин каттоодон өттү.

Берилген документтердин техникалык текшерүүсү Венгрия тарабынан өткөрөлдү.

353 катышуучудан 202 катышуучу өттү, алар Бишкек шаарына экинчи турга катышуу үчүн чакырылды.

Экинчи турда талапкерлерге төмөнкү кириш сынактары уюштурулат:

  1. бакалавриат программалары үчүн - тестирлөө (тандап алган адистиги боюнча) жана англис тилинде белгиленген тема боюнча эссе жазуу;
  2. магистрдик жана доктордук программалар үчүн – англис тилинде эссе жазуу жана аңгемелешүү.  

Конкурстук комиссиянын курамына көз карандысыз эксперттер, жарандык коомдун, илимий-чөйрөсүнүн, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кенешинин өкүлдөрү жана башкалар кирет.