Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде жана бала бакчаларда жаңы жылдык иш-чараларда аттыруучу заттарды жана фейерверктерди колдонууга тыюу салды

21.12.2018

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерде  жаңы жылдык иш-чараларда пиротехникалык каражаттарды (аттыруучу зат, фейерверк ж.б.у.с.) пайдаланууга катуу тыюу салынат.

Шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жаңы жылдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде өрт коопсуздугун күчөтүү тапшырылды.

Мектептердин, бала бакчалардын жана балдар үйлөрүнүн директорлоруна окуучулар жана алардын ата-энелери менен жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүдө жол-транспорттук кырсыктар жана кышкы эс алуу мезгилинде балдар жаракаты жөнүндө алдын-ала эскертүү үчүн кошумча түшүндүрмө сүйлөшүүлөрдү өткөрүү милдеттендирилди.