Билим берүү жана илим министрлиги: Мугалимдер жалаң гана педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүүсү керек

01.02.2019

КР Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, мугалимдер окуучулардын билим берүү программасын өздөштүрүүсүн камсыздоого, балдарды тарбиялоого милдеттүү, жергиликтүү бийлик органдарынын тапшыруусу менен түрдүү маалыматтарды чогултуу менен алектенбеши керек.

Бул биринчи кезекте билим берүү процессине терс таасирин тийгизерин ведомство белгилейт.

Буга байланыштуу ведомство тарабынан мугалимдерди билим берүү системасынан сырткары кандайдыр бир иш-чараларга тартууга жол бербөө жөнүндө буйрук даярдалды.

КР ББжИМнин бамса сөз кызматынын маалыматы боюнча, министрдин буйругу менен түзүлгөн жумушчу тобу “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына жана мугалимдин статусуна тиешелүү толуктоолорду даярдоодо.