Билим берүү жана илим министрлиги: Кыргызстандык окуучулар менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада 10 медаль жеңип алышты

17.01.2019

Билим берүү министрлигинин колдоосу менен “Акменар” интеллектуалдык өнүктүрүү борборунун командасы, FOC (FastOralCount) форматындагы менталдык арифметика боюнча, Казахстан Республикасынын Актөбө шаарында 2019-жылдын 4-6-январында өткөн эл аралык олимпиадага катышышты.

Олимпиадага Казахстан, Орусия, Кыргызстан, Армения ж.б. КМШ өлкөлөрүнөн 200дөн ашуун окуучулары катышышты.

Өткөрүлгөн олимпиаданын жыйынтыгы менен борбордун окуучулары 4 алтын, 1 күмүш жана 5 коло медалдарды жеңип алышты.