Билим берүү жана илим министрлиги: 2019-жылдын башталышынан бери үч жаңы бала бакча ачылды

04.02.2019

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2019-жылдын башталышынан бери КР Президентинин аймактарды өнүктүрүү жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Баткен жана Ысык-Көл облустарында жаңы үч мектепке чейинки мекемелер ачылды.

Эки балдар бакчасы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, бирөөсү Баткен облусунун Кайыңды айылында өз жумуштарын башташты.

КР ББжИМ бирдиргендей, мектепке чейинки билим берүүнү жана мектеп алдындагы даярдоону өнүктүрүүгө учурда мамлекет тарабынан өтө жеткиликтүү көңүл бурулууда. Балдар бакчаларына баруу же мектепке даярдоодон өтүү мүмкүнчүлүгү, баланын коомдошуусуна өбөлгө түзөт жана мындан аркы окуусу жана турмушу үчүн мыкты пайдубалга негиз болот.

Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоонун ар кандай түрлөрү иштелип чыккандыгын ведомстводон  белгилешет. Ошентип, 2018-жылы 120 кыска мөөнөттүү балдар бакчалары ачылган. Мектепке даярдоо программасы балдар бакчаларына барышпаган  5-7 жаштардагы балдарды 100 % камтыйт. Жалпысынан алганда азыркы учурда республика боюнча 1610 ар кандай мектепке чейинки мекемелер иштеп жатат. Бул жылы айыл китепканаларынын базасында өнүктүү борборлорун ачуу пландалууда.