Билим берүү жана илим министрлиги Web of Science платформасын пайдалануу боюнча окутуу семинарын өткөрдү

08.02.2018

КР Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаменти Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин эксперттери менен биргелешип Web of Science платформасын пайдалануу боюнча окутуу семинарын уюштурду.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Абдыманнап Муратов жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Себахаттин Балжы куттуктоо сөзү менен кайрылышты.

Семинарга жогорку окуу жайларынын  жана илимий-изилдөө мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Иш чара Web of Science, Core Collection маалымат базасы, Journal Citation Reports отчеттору, EndNote online и ResearcherlD маалыматтар каражаттары боюнча теориялык жана практикалык окууларды камтыды. Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга  күбөлүк берилди.

Катышуучулар Web of Science платформасы менен кантип иштөө керектиги  жөнүндө маалымат бере алышат. Ошондой эле конкреттүү маселелер боюнча, макалаларды жарыялоо үчүн журналдарды тандап алууга, изилдөөнүн тиешелүү багыттарын аныктоо, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана каржылоо булактары тууралуу кенештерди бере алышат.

2018-жылдын 27-декабрында КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Clarivate Analytics компаниясы (буга чейин - Thomson Reuters компаниясынын Интеллектуалдык менчик жана илим изилдөө бөлүгү)  жаңы 2018-жылга кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Кол коюлган кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын бардык окуу жайлары жана илимий уюмдары эл аралык Web of Science наукометрикалык платформасынын  мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат.

Кыргыз Республикасында 2017-жылдын январынан ноябрына чейин 33 жогорку окуу жайлары жана илимий уюмдары Web of Science платформасына кошулушту, ал эми сурамдардын саны 14,239ду түздү (38% га жогорулады).