Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук онкология борборунун госпиталдык мектебине окуу китептерин берди

07.12.2018

Билим берүү жана илим министрлиги Онкология борборунда узак убакыт дарыланып жаткан балдарга окуу адабияттарын жана белектерди тапшырды.

Ушул жылдын башталышында катуу ооруган балдарга госпиталдык мектеп уюштуруу максатында, Билим берүү министрлиги тарабынан “Помогать легко” Коомдук фонду менен биргеликте “Окуйбуз&Билебиз-Кыргызстан” долбооруна старт берилген. Онкологиялык орулуу балдар үчүн госпиталдык мектеп уюштуруу жаатында Орусиянын Д.Рогачев атындагы балдардын гематология, онкология жана иммунология Улуттук борбору менен кызматташуу Меморандуму түзүлгөн.

Азыркы учурда Улуттук онкология борборунда госпиталдык мектеп иштеп жатат. Бишкек шаарынын №60 орто мектебинин мугалимдери балдарга сабак өтүшүүдө.