КР Билим берүү жана илим министрлиги: Кыргызстан жана Орусия ректорлорунун Биринчи форумунун алкагында 79 ЖОЖдор аралык макулдашууларга кол коюлат

27.03.2019

Ведоствонун маалыматы боюнча, Кыргызстан жана Орусия ректорлорунун “Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү – келечекке инвестиция” Биринчи форумунун алкагында КР жана РФ ЖОЖдорунун ортосунда  кызматташуу жана биргелешкен программаларды жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу жөнүндө 79 эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат.

Анын ичинде кол коюлат:

1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

2. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Москва мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

3. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Новосибирск мамлекеттик техникалык университетинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

4.К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети жана М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

5. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы менен Оренбург мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишим;

6. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети менен Астрахан мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

7. Ош мамлекеттик университети жана Казан федералдык университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.