КР Билим берүү жана илим министрлиги: Кыргызстанда кошумча 295 мектепте ысык тамак уюштурулат

11.04.2019

КР Билим берүү жана илим министрлиги 2019-2020-окуу жылына карата Кыргызстандын 295 мектебинде ысык тамак уюштурууга даярдык көрүүдө,  анын ичинен 200 мектепте демилге «Мерсико» эл аралык уюмунун жардамы менен ишке ашырылат.

Азыркы учурда бул мектептердин ашканаларында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында бир ай бою ысык тамак уюштуруу боюнча семинар-тренингдер өткөрүлдү. Бул семинар-тренингдерге Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, айыл өкмөттөрдүн башчылары, райондук жана шаардык билим берүү   бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын мектеп тамак-ашы боюнча кызматкерлери жана мектеп администрациясынын ысык тамакты уюштурууга жооптуу өкүлдөрү катышышты.

Ошондой эле, министрлик ашпозчуларды окутуудан өткөрүүнү пландап жатат.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн мектептеринин 60,6 пайызы (1371 мектеп) ысык тамак менен камсыз болууда.

Бүгүн, 11-апрелде Нарын облусунун Кочкор районунда КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, «Мерсико» эл аралык уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусунда пресс-тур өттү. Иш-чарада журналисттер «Кыргыз Республикасында мектептик тамактанууну оптималдаштыруу» долбоорунун ишке ашырылуусу менен таанышышты.