КР Билим берүү жана илим министрлиги: Кыргызстанда кошумча 200 мектепте ысык тамак уюштурулат

22.03.2019

КР Билим берүү жана илим министрлиги 2019-2020-окуу жылына карата Кыргызстандын 200дөн ашуун мектебинде «Мерсико» эл аралык уюмунун жардамы менен ысык тамак уюштурууга даярдык көрүүдө. Азыркы учурда бул мектептерде ашканаларда оңдоп-түзөө иштери башталды. 

Ушуга байланыштуу  Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында бир ай бою эки күндүк семинар-тренингдер уюштурулуп, өткөрүлдү. Бул семинар-тренингдерге Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, айыл округунун башчылары, райондук жана шаардык билим берүү   бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын мектеп тамак-ашы боюнча жоопкерчиликтүү кызматкерлери жана мектеп администрациясынын ысык тамакты уюштурууга жооптуу өкүлдөрү катышышты.

Семинарларда ысык тамакты уюштуруш үчүн кандай шарттар болушу керек, кандай иштерди кылсак мектептерде ысык тамак эң жакшы деңгээлде уштурулат ж.б. маселелердин үстүндө талкуулар жүргүзүлүп, сабактар өтүлдү. 

Министрлик андан ары ашпозчуларды окутуудан өткөрүүнү пландап жатат.