КР Билим берүү жана илим министрлиги: Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун Биринчи форуму өтөт

26.03.2019

Бишкекте 2019-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын  ректорлорунун “Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү – келечекке инвестиция” аттуу Биринчи форуму өз ишин баштайт.

Иш-чара Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын алкагында өтөт.

Форумдун максаты - эки тараптуу кыргыз-россиялык илимий жана билим берүү кызматташтыкты кеңейтү.

Форумдун ишине Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, Россия Федерациясынын Агартуу министри Ольга Васильева, Россиялык ректорлордун союзунун президенти Виктор Садовничий жетектеген 40 Россиянын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышат.

Кыргызстан тарабынан Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, КР жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 31 жождун ректорлору катышышат.

Форумдун программасында пленардык отурум жана төмөнкү тематикалар боюнча сессиялык блок: "Орус тили  Россия Кыргызстандын илимий билим берүү  интеграциясынын негизи"; "Табигый илимий жана гуманитардык  жаатындагы кыргыз-россиялык кызматташтыгы"; “Экономиканы модернизациялоо  шарттарында кадрлады даярдоодо жаңы мамилелер".

Форумдун жыйынтыгында КР жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын жана Россиялык ректорлордун союзунун кызматташтыгы тууралуу Макулдашууга кол коюуу күтүлүүдө, ошондой эле Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу жана кызматташуу боюнча 79 эки тараптуу келишимге кол коюлат.