КР Билим берүү жана илим министрлиги: Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин билим берүү министрлеринин бешинчи жыйыны өтөт

05.03.2019

Бишкекте 14-15 мартта Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин билим берүү министрлеринин бешинчи жыйыны өтөт.

Катышуучулар уюмдун мүчө-мамлекеттеринин орто жана жогорку билим берүү мекемелеринин ортосунда тыгыз байланыш түзүүнү талкуулашат.