КР Билим берүү жана илим министрлиги жакынкы жылдарда Кыргыз Республикасындагы билим берүүнү өнүктүрүүнүн багыттарын жарыялады

14.02.2019

Ведомствонун басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, билим берүү иш-чарасында учурда БжИМ жүзөгө ашырып жаткан негизги долбоорлор, ошондой эле Кыргызстандын билим берүү системасынын өнүгүүсүнүн багыттары толугу менен  жарыяланды.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, эксперттер, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, мугалимдер катышкан бул иш чарада PISAга даярдоонун жол картасы сунушталды. Ошондой эле “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо Концепциясы боюнча Жол картасына жана эмгек рыногу үчүн адистерди даярдоого көңүл бурулду.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева эл аралык олимпиадалардын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн, окуучуларды даярдаган мугалимдерди жана Кыргызстанды эл аралык олимпиадаларда  көрсөткөн командалардын машыктыруучуларын эстелик белектер менен сыйлады.

Ошондой эле облустук “Жыл мугалими” мелдешинин жеңүүчүлөрү эстелик белектер, алкыш каттар жана пансионаттарда эс алууга сертификаттар менен сыйланышты.

Мектепте тамактанууну оптималдаштыруу программасы боюнча мыкты жыйынтык көрсөткөн мектептердин директорлоруна ноутбуктар тапшырылды.