КР Билим берүү жана илим министрлиги: Кыргызстан жождорунун окутуучулары Казахстанда кесипкөйлүгүн акысыз жогорулата алышат

26.10.2018

Мындай келишимге Билим берүүнүн сапатын камсыздоо форумунда жетишилди.

КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков Кыргызстан жождорунун жетекчилери менен Астанада өткөн II Борбордук Азиялык Билим берүүнүн сапатын камсыздоо эл аралык форумуна катышты. Форумдун пленардык жыйынында К.Кожобеков “КР жождорун аккредитациялоо билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун куралы” деген темада баяндама жасап, катышуучулар менен Кыргызстанда жождорду аккредитациядан өткөрүү тажрыйбасын бөлүштү.

Ошондой эле Форумдун алкагында Кудайберди Кожобеков жана Кыргызстан жождорунун өкүлдөрүнүн Назарбаев Университетинин Жогорку билим мектебинин NUGSE (Nazarbayev University Graduate School of Education) деканы Аида Сагинтаева жана университеттин профессору Дүйшөн Шаматовдор менен жолугушуусу болду.

Аида Сагинтаева NUGSEнин докторантура жана магистратура программалары, тапшыруу үчүн талаптар, профессордук-окутуучулук курамы жана Мектептин башкаруу структурасы жөнүндө айтып берди.

К.Кожобеков кызматташтыктын перспективалык жаңы багыттарынын бири, кыргыз жождорунун кызматкерлерин NUGSEда кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча окутуу болорун белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Жогорку билим мектеби менен Кыргызстан жождорунун кызматкерлерин акысыз негизде кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча окутуудан өткөрүүгө макулдашылды. Ошондой эле Мектеп Ph.D жана магистратура программаларына стипендиялык орун бөлүп берүүгө даяр.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР билим берүүсүнүн лидерлери жана Назарбаев Университетинин ортосундагы тыгыз кызматташууну чыңдоодо NUGSEнин профессору кыргыз атуулу Дүйшөн Шаматовдун салымы бар экени белгиленди.