КР Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын Республикалык олимпиадасын жыйынтыктады

02.04.2019

Бишкекте бүгүн, 2-апрелде мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп, ага вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, окуучулар жана мугалимдер катышышты.

Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын жыйынтыгында, командалык биринчиликти Бишкек шаары алды.

Экинчи орунду Ысык-Көл облусунун командасы ээледи, үчүнчүлүктү Ош шаары алды.

Жеке сынакта байгелүү орундарга 73 окуучу ээ болду.

Төртүнчү турда олимпиаданын шаардык жана облустук этаптарынын жеңүүчүлөрү - 318 окуучу катышты.

Министрлик жеңүүчүлөргө дипломдорду жана белектерди тапшырды (1 орун – ноутбук, 2 жана 3 орун - электрондук китептерди окуучу үчүн курал, 4 орун – китеп сатып алууга сертификат).

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдаган мугалимдер министрликтин ардак грамотасы жана Ысык-Көлдөгү министрликтин карамагындагы пансионатта эс алууга сертификат менен сыйланышты.  

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова Кыргызстандын аймактарынан жеңүүчүлөрдүн санынын өскөнүн белгиледи.