Билим берүү жана илим министрлиги: Башталгыч класстагы окуучулардын окуу жөндөмдөрү боюнча изилдөө жүргүзүлдү

20.11.2018

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана АКШнын өкмөтү биргелешип жүргүзгөн башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жөндөмдөрүн баалоо (EGRA) боюнча изилдөөнүн натыйжаларынын бетачары өттү. Бул жалпы республикалык деңгээлдеги изилдөө окуучулардын кыргыз жана орус тилдеринде окуу жөндөмдөрү убакыттын өтүшү менен кандай өзгөрүп жатканын да көрсөтөт. Семинар бүгүн, 20-ноябрь күнү өттү.

Бул баалоо АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Семинарда долбоордун адистери үйдө колдонулган тил, социалдык жана экономикалык статус жана окурмандык адаттар сыяктуу факторлор кантип окуучулардын окуу боюнча ийгилигине таасир этерин да айтып беришти.

Башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн баалоо – бул жааттагы эң чоң изилдөөлөрдүн бири. Бул изилдөө үчүн маалымат бүткүл өлкө боюнча 289 мектептердин 2 жана 4-класстарынын 5 миңден ашуун окуучуларынын арасынан топтолгон.

USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргелешип, окуу жөндөмдөрүн жакшыртуу боюнча алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды колдонууга жардам берет. Долбоордун иши аркылуу бүткүл өлкө боюнча 900 мектепти жана аларда окуган 200 миңден ашуун окуучуну камтыйт.