КР Билим берүү жана илим министрлиги колледждер үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын анализдеп баштады

28.02.2019

Билим берүү жана илим министрлиги АБРдин “Инклюзивдүү өсүү көндүмдөрү” секторун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен орто кесиптик билим берүү боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын кароо долбоорун баштады.

Бул үчүн ведомстводо экономиканын түрдүү тармактарынын өкүлдөрү, орто жана жогорку окуу жайларынын жетектөөчү адистеринен турган эксперттик комиссия түзүлдү.

Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын долбоорлорун экспертизалоо, бул стандарттарга өзгөртүү жана толуктоо сунуштарын берүү комиссиянын милдетине кирет.

Эксперттик комиссиянын алгачкы жыйыны 26-февралда Билим берүү жана илим министрлигинде болуп өттү.