Билим берүү жана илим министрлиги: Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун Форумунун сессиялык бөлүгүндө жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү интеграцияны талкуулашат

27.03.2019

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстан жана Орусия ректорлорунун Форумунун сессиялык бөлүгү “Кыргызстан - Орусия: жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуунун жаңы горизонттору” темасына арналган.

Форумдун катышуучулары “Орус тили Орусиянын менен Кыргызстандын илимий-билим берүү интеграциясынын негизи катары", “Гуманитардык жана табигый илимдер чөйрөсүндө кыргыз-орус кызматташтыгы” жана “Экономиканы модерндештирүү шарттарында адистерди даярдоонун жаңы кадамдары” аттуу үч аянтчаларда жумуш алып барышат.