Билим берүү жана илим министрлиги жана Конрад Аденауэр атындагы Фонд өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту

18.01.2019

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилиги жана Конрад Аденауэр атындагы Фонд (Германия Федеративдик Республикасы) өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум күчкө ээ болгон мөөнөт ичинде (5 жыл) тараптар биргелешкен билим берүү долбоорлорун, конференцияларды, тегерек столдорду, семинарларды жүргүзүүнү жана биргелешкен илимий-изилдөө программаларын ишке ашырууну, маалымат жана материалдарды, мезгилдүү басылмаларды жана башка жарыялоолор менен алмашууну, ошондой эле эки Тарапка тең алгылыктуу болгон академиялык алмашууларды уюштурууну көздөйт.

К. Аденауэр атындагы Фонд бир катар жылдар бою Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда ийгиликтүү иш алып барып келгенин белгилей кетүү зарыл.

Акыркы 5 жыл ичинде Билим берүү жана илим министрлиги Фонд менен Европа Бирлиги тарабынан колдоо көрсөтүлүүчү – “Кыргызстандагы билим берүүгө түрткү берүү жана реформаларды мониторингдөө” (2015-2017-жж.) жана “Кыргыз Республикасындагы мектептик билим берүүнүн коопсуздугун каржылоо механизмдерин өнүктүрүү” (2017-2019-жж.) долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында кызматташат.

Биринчи долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин билим берүүнү реформалоону илгерилетүүдөгү дараметин жогорулатууга багытталган, экинчиси – Кыргызстандын мектептериндеги коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү механизмдерин калыптандыруу боюнча билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык өнүгүү, экологиялык коопсуздук, жергиликтүү бийлик органдарынын, жарандык коом уюмдарынын ортосундагы секторлор аралык өнөктөштүк мамилени өнүктүрүүнү колдоого багытталган.

К. Аденауэр атындагы Фонд таланттуу жаштарга өзүн окууга арноо жана жождун, Ата-Мекендин социалдык жашоосуна катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен Sur Place стипендияларын берет.

Меморандумга кол коюу Министрликке жана К. Аденауэр атындагы Фондго билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердиги жаатындагы кызматташтыкты тереңдеткенге мүмкүндүк берет.