КР Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» «Биз –XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык конкурсун өткөрөт

12.04.2019

КР Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Балдардын Республикалык инженердик-техникалык академиясы 2019-жылдын 16-апрелинен 19-апрель аралыгында изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоорлордун «Биз –XXI кылымдын интеллектуалдары» Эл аралык жаштар конкурсун Ысык-Көлдө (Бостери ай.) «Кыргыз деңизи» санаториясында өткөрөт. Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери аталган конкурс Кыргыз Республикасынын эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн дагы эң таланттуу балдарын чогултуп келет! Конкурска Кыргызстандын бардык аймактарынан келген окуучулардын делегациялары, И.Раззаков ат. КМТУнун, Б.Ельцин ат. КРСУнун, Н.Исанов ат. КМКТАУнун, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, ОшМУ, ОшТУ, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин өкүлдөрү сыяктуу жогорку окуу жайлардын студенттери катышат. Ошондой эле, биздин балдарга атаандаштыкты Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Россия жана Грузиядан келген жаш техниктер жана ойлоп табуучулар түзөт.

Конкурска катышуу үчүн 170тен ашуун изилдөөчлүк жана ойлоп табуучулук долбоор, экспонат жана колдонуудагы моделдер келип түшкөн. Аларды коргоо төмөнкүдөй алты номинацияда өтөт:

  • «Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер» («Курулуш жана транспорттун жаш техниктери», «Агро өнөр жай комплексинин жаш техниктери», «Өнөр жайдын жаш техниктери»);
  • «Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар»;
  • «Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар»;
  • «Маалыматтык технологиялар жана программалоо»;
  • «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар»;
  • «Шахматтык турнир»;
  • «Окуучулардын астрономиялык турнири».

Конкурстун катышуучуларынын ишин курамына КР ИУАсынын мүчө-кроореспонденттери, илимдин докторлору, окумуштуулар, ойлоп табуучулар, академиктер жана Кыргызстанды алдыңкы жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы кирген компетенттүү калыстар тобу баалайт.

Командалардын презентациясы 16-апрелде саат 20.00дө «Кыргыз деңизи» санаториясында өтөт. 17 жана 18-апрелде саат 10.00 дон 18.00 чейин номинациялар боюнча долбоорлорду коргоп берүү өтөт. Конкурстун салтанаттуу жабылышы 18-апрелде саат 17.00дөЧ. Айтматов ат. «Рух ордо» маданий комплексинин концерттик залында болот, бирок адегенде балдар үчүн ачык асман алдында музейге экскурсия жасалат. Конкурстун жыйынтыгы боюнча катышуучулар сертификаттар, дипломдор, баалуу байгелер жана белектер менен сыйланышат, ал эми эң эле татыктуулары КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.А. Арапбаевдин жана КР Улуттук илимдер академиясынын стипендиаты болот.

«Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» Эл аралык жаштар конкурсу  - бул жөн гана чыгармачыл долбоорлор жана ойлоп табуучулук идеялар дүйнөсүнө болгон уникалдуу жолдомо эле эмес, ал өлкөбүздүн жаш конструкторлору жана ойлоп табуучулары үчүн Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө өздөрүнүн идеялык жактан салым кошуусуна берилген эң сонун мүмкүнчүлүк!