КР Билим берүү жана илим министрлиги: 22 миңден ашуун балдар электрондук кезек аркылуу балдар бакчаларына катталышты

14.02.2019

КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда балдар бакчаларында электрондук кезек (balabakcha.edu.gov.kg платформасында) иштелип чыгып, жүзөгө ашырылды.

2018-жылы 22 миңден ашуун балдар электрондук кезек аркылуу балдар бакчаларынан орун алышты.

Системада бүгүнкү күндө 16 911 балдар бала бакчаларга кезекте турушат.