КР Билим берүү жана илим министрлиги: Ош жана Баткен облустарынын 15 бала бакчалары көп тилдүү билим берүү программасына киргизилди

27.02.2019

Ведомствонун маалыматы боюнча, Ош шаарынын, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Өзгөн райондорунун, ошондой эле Баткен облусунун Кадамжай районунун 15 бала бакчалары көп тилдүү билим берүү программасын жүзөгө ашырууга киришти.

“Мектепке чейинки мекемелерде көп тилдүү билим берүү программасын пландоо” аттуу үйрөтүүчү семинарында бала бакчалардын директорлору жана усулчуларына, билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнө, мектепке чейинки билим берүү үчүн адистерди даярдоо  жаатында иштеген ЖОЖдордун мугалимдерине, мектеп жашына чейинки балдар үчүн көп тилдүү билим берүүнү жүзөгө ашыруунун эл аралык тажрыйбасы,  Кыргызстандын бала бакчаларында иштөө моделдери жөнүндө айтылды.

Мектепке чейинки мекемелерде кош тилдүү программаларды жүзөгө ашыруу моделдери талкууланды, мамлекеттик тилде түшүнүү жана баарлашуу көндүмдөрүнүн калыптануу шарттары, расмий тилдин функционалдык пайдаланышы, эне тилин колдоо үчүн мүмкүнчүлүктөр каралды.