КР Билим берүү жана илим министрлиги: республиканын 1 146 мектеби ысык тамак менен камтылган

01.11.2018

КР Билим берүү жана илим министрлиги билдирет, учурда республиканын 1 146 мектебинде мектепте тамактандыруу программасы ишке ашырылган. Бул программа БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырылууда жана башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздайт. Программанын алкагында эки жылда туура тамактануу принцибинде 5 миң мектеп кызматкерлери жана 15 миң окуучу үйрөтүүдөн өтүштү.

Программага катышып жаткан мектептерде зарыл болгон оңдоп-түзөө жумуштары жүрдү жана ашканалары жабдылды.

Ошол эле учурда бардык 2 262 мектептерде ашканалар же буфеттер иштейт. Өлкө мектептеринин 65%ында мектеп алдындагы чарбалары бар.