Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын арасында билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу боюнча курстарды уюштуруу сынагы жарыяланат

25.09.2018

К. Аденауэр атындагы Фонд жана «БИОМ» Экологиялык Кыймылы КР Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө, Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасындагы мектептик билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун каржылоо механизмдерин өнүктүрүү” долбоору педагогикалык жана башкаруучулук адистиктери боюнча жогорку окуу жайлардын арасында сынак жарыялайт. Сынактын милдети болуп педагогикалык жана башкаруучулук кадрларын даярдоо программаларын ишке ашыруучу, алардын базасында ресурстук маалыматтык-усулдук “Билим берүү чөйрөсүнүн толеранттуулугун жана коопсуздугун өнүктүрүү боюнча борборлорду” түзүү жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана педагогикалык курамдары үчүн билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу боюнча курстарды уюштуруу үчүн 3 жогорку окуу жайды тандоо саналат.

Борборлор коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүнүн технологияларын, мектептердеги зордук-зомбулуксуз жүрүм-турум практикасын өнүктүрүү жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу үчүн усулдук жана билим берүү базасы болот.

Сынак жөнүндө кененирээк маалымат: www.safe.edu.kg  сайтында жеткиликтүү.

Сынак 2018-жылдын 21-сентябрынан 2-октябрына чейин жүргүзүлөт.

Өтүнмөлөр кагаз жана/же электрондук түрүндө 2018-жылдын 1-октябрында 18:00 чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат (почта аркылуу жиберилген каттар долбоордун кеңсесине 2018-жылдын 1-октябрында (1-октябрьды кошуу менен) 18:00 чейин жеткирилиши керек).

Дарек: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй проспекти 164 а, 403 же 408/1-бөлмө, “БИОМ” Экологиялык Кыймылы же электрондук дарек: b.islanbekova@safe.edu.kg.

Сурап-билүү телефондору: 0312 311671, 0709 717426 Бактыгүл Исланбекова.

 ЖОБО.docx 

Өтүнмөнүн формасы.docx