Билим берүү жана илим министрлиги: Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуудагы инновациялык технологиялардын жаңы борбору мугалимдер үчүн эшигин ачты

05.10.2018

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Токторов,  КРнын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, окутуучулар ж.б. катышты.

Аталган борбордо кыргыз, орус жана чет тил мугалимдери өз квалификациясын жогорулата алышат. Педагогдорду окутуу CLIL (Contentand Language Integrated Learning – предмет менен тилди интеграциялап окутуу, дүйнөнүн 20 мамлекетинде ийгиликтүү колдонулат) технологиясын колдонгон жаңы методикаларга негизделет.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар мектептердеги тил окутуунун  методикаларын, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдүн, мектептердин, билим берүү усулдук борборлордун көп тилдүү программалар менен иштей турган педагогдорду даярдоочу ЖОЖдор менен биргеликте иштөөсүн талкуулашты.