2019-2020-окуу жылына Кытайдын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн конкурстук тандоо 5-мартта Бишкекте өтөт

01.03.2019

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минстрлиги жана КЭРдин Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу (2015-жылдын 16-декабры, Пекин ш.) жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрү аралык билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуулар (2006-жылдын 15-июну, Шанхай ш.) алкагында, КЭРдин ЖОЖдоруна тапшыруучу Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн конкурстук тандоо, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында (Бишкек ш., Панфилов көч., 237) 2019-жылдын 5-мартында өтөт.

Билим берүү жана илим министрлигине документтердин толук топтомун камсыз кылган талапкерлер, конкурстук тандоого катышууга кабыл алынат.

Конкурстук тандоо төмөнкүдөй форматта өткөрүлөт:

Бакалавр программасына тапшыруучулар үчүн КР Билим берүү жана илим минстрлигинин имаратында (Бишкек ш., Тыныстанов к., 257, 2-кабат, конференц-зал) 4-март күнү 16:00дө компьютердик тестирлөөдөн өтүү боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлөт. Милдеттүү түрдө катышуу талап кылынат.

КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында (Бишкек ш., Панфилов көч., 237) 5-март күнү 09:00дө математика, тарых жана англис тили боюнча тестирлөө өткөрүлөт.

Магистратура программасына жана тил үйрөтүү боюнча стажировкага тапшыруучулар үчүн:

КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында (Бишкек ш., Панфилов көч., 237) 5-март күнү 09:00дө баарлашуу өткөрүлөт.

Көңүл бургула! Окутуунун бардык деңгээлдери боюнча конкурстук тандоого катышкан бардык талапкерлерде, сөзсүз инсандыгын күбөлөндүргөн документтери (паспорт же айдоочулук күбөлүгү) болуусу зарыл.