Бишкекте КМШнын мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V Съезди 450 адамдын катышуусунда өтүп жатат

11.10.2018

2018-жылдын 11-12-октябрында Бишкекте Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V Съезди өтүп жатат. Съезддин темасы – “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын контекстиндеги КМШнын катышуучу – мамлекеттердин билим берүү системаларын өнүктүрүү”. 

Иш чарага жалпысынан билим берүү системасынын 450 өкүлдөрү катышты.

Съезддин ачылышы Ала-Арчадагы Мамлекеттик резиденциядсында өттү, анда соң секциялык отурумдардын катышуучуларын шаардын мектептери жана университеттери кабыл алды.  

КМШ катышуучу-мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин мыктылары “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.

Съезддин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагындагы жетишкендиктеринин көргөзмөсү өттү.

Съезддин максаты - КМШнын катышуучу – мамлекеттердин билим берүү чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстердин өнүгүүсүнө шарт түзүү, өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин жана анын жаңы түрлөрүн активдүү издөөгө  өбөлгө болуу.

Өз ишин аяктап, съезд жыйынтыктоочу резолюциясын кабыл алат.